Лейлекте кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Лейлек районунун чек арага чектеш аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулуңду айыл аймактарындагы жергиликтүү тургундарга милиция кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү чогуу кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйында бул аймакта билим алган мектеп окуучуларынын, жаш өспүрүмдөрүнүн коопсуздугу талкууланды. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын себептери, эрте никеге туруу, суицид, жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча кенен түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн ата-энелердин жоопкерчиликтери боюнча ата-энелерге эскертүүлөр берилди.

Лейлек районунунда 2022-жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр катышкан 2 суицид катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД