
ЖАК 2022-жылга карата коррупцияга каршы иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бир катар мыйзам актыларынын, президенттин жарлыктарынын, өкмөттүн токтомдорунун жана ведомстволук буйруктарынын негизинде, ошондой эле жалпысынан көйгөйдүн актуалдуулугун эске алуу менен үстүбүздөгү жылдын ичинде пенитенциардык тутумдагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу.максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
Планды ишке ашырууга катышкан бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилери чейрек сайын ЖАКнын ички иликтөөлөр башкы башкармалыгына жалпыланган маалыматтарды берип турууга милдеттүү. Келечекте ачыкка чыккан фактылар коррупцияга каршы күрөшкөн компетенттүү органдар тарабынан каралышы мүмкүн.
Планда аныкталган милдеттер:
кызматкерлерди тандоодо ар кандай коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо менен кадрдык ишти жакшыртуу;
кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кызматтык жүрүм-турумуна жана этикасына талаптарды жогорулатуу, алардын укук бузууларын атайын комиссиялар тарабынан кароо практикасын кеңейтүү;
ЖАКтын жетекчи курамы тарабынан 2021-жылга Бирдиктүү салык декларациясын так маалыматтар менен өз убагында берүү;
бардык багыттар боюнча пенитенциардык мекемелердин кызматкерлерин социалдык жактан коргоону күчөтүү;
семинарлар, лекциялар, жолугушуулар, брошюраларды басып чыгаруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жана алардын коррупцияга каршы билимдерин жогорулатуу;
коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн болгон ЖАКтын документтериндеги мыйзам ченемдерин талдоо жана алып салуу;
жазык-аткаруу тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана пенитенциардык тутумга калктын ишенимин жогорулатуу;
жарандардын, өзгөчө коррупция жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн болгон даттанууларын жана кайрылууларын өз убагында жана натыйжалуу кароону камсыз кылуу;
Макулдашуулар, мамлекеттик контракттар, гуманитардык жардам аркылуу жазык-аткаруу тутумунун мекемелери тарабынан алынган.