Кара-Сууда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөөчү бөлүмү ачылды

Кара-Суу шаарында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөөчү бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2022-жылдын 17-март күнү Кара-Суу шаарында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөөчү бөлүмү ачылды.

Жаңы ачылган бөлүм шаар тургундарынын көйгөйлөрүн жеңилтедүүгө мыкты шарт түзөт. Эми ал жактагы автоунаа ээлери башка жакка барып убара болбостон, жаңы ишке кирген бөлүмгө барып эле транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоосуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле мамлекеттик номурду дагы жеринен ала алышат.

Дареги: Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсү 161. Иштөө убактысы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башка бөлүмдөрү сыяктуу эле саат 8:30 дан 17:30 га чейин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД