Жаш калемгерлердин арасында "7 жаш автор" адабий конкурсу жарыяланды

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жаш калемгерлердин арасында "7 жаш автор" республикалык адабий конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Конкурстун максаты – жаш авторлордун талантынын ачылышы үчүн жагымдуу шарт түзүү, чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана көмөк көрсөтүү, мыкты чыгармаларын аныктоо болуп эсептелет.

Конкурстун багыты – проза, поэзия, драматургия.

Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:

- чыгармалар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат;

- конкурска эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катыштырылат;

- чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;

- кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек;

- конкурска жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.

Материалдарды 2022-жылдын 15-мартынан 31-июлуна чейин dinara.akun@patent.kg электрондук дарегине жөнөтүп же Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 үй дарегине саат 09:00 – 18:00 гө чейин тапшырсаңыздар болот.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29, (0700) 84-83-29.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД