
"Дүйнө сулуусу-2021" эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Каролина Белявска болду.
"Дүйнө периси – 2021" эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү польшалык Каролина Белявска болду. Бул тууралуу сынактын сайтында маалымдалды.
Сыйлык тапшыруу аземи Пуэрто-Риканын Сан-Хуан шаарында өттү. Таажыны "Дүйнө периси - 2019" наамынын ээси, ямайкалык Тони-Эн Сингх тапшырды.
Сынакка түрдүү өлкөлөрдөн 97 кыз катышып, финалга 40 гана катышуучу чыкты.