S-line турак жай кооперативинин жетекчиси тергөө бүткөнчө камакта болот

Ошто кармалган S-line турак жай кооперативинин жетечиси камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күн мурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган А.Б., убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Бүгүн, 17-мартта, Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул жарандан жана аталган кооперативден жабыр тарткан жарандарды Ош ШИИБнын тергөө кызматына кайрылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбастан, алдап жүргөнгө шектүү катары "S-LINE" коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүнкү күндө аталган кооперативинен жабыркаган 24 жарандын арызы бар. Алар өз арыздарында адегенде атлаган кооперативге кирүү үчүн адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече млн сомдон ашкан.

Бул кооператив алдамчылык менен алектенген "Финансылык пирамида" катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат. Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес. "S-LINE" турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча алганда, азыркы күндө алардын жарандарга койгон шарттары боюнча "турак жай алуучулар алына турган турак жай үчүн жалпы баасынан 50% төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25% төлөгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабыны н төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болушат" деп убадалашкан. Бирок, аталган сумманы төккөн жарандардын ала турган үйлөрү кечеӊдеп бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу жарандар арыз менен кайрылышкан.

Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, 210-беренесинде ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып барган. Бул убакыт аралыгында кооперативге жалпысынан 102 жаран турак жай үйүн алуу үчүн кайрылып, алар кооперативдин мүчөлөрү (пайщик) катары кооператив менен келишим түзүп, кирүү төлөмү (вступительный взнос) катары 218 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25%, 35% жана 50% чейинки өлчөмүндөгү төлөмдөрдү кооперативге төлөп турушкан.

Жарандар тарабынан төлөнгөн төлөмдөр тууралуу квитанциялары тергөөгө камсыз кылынган. "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативине карата жалпысынан 24 жаран коллективдүү арыздары менен кайрылып, акчадан же үйдөн жок калгандыктарын, үй алуу боюнча мөөнөттөрү артка жылдырып жатканын айтышкан. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө 40 млн сомдон ашып жатат.

"15-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин төрагасы, Бишкек шаарынын тургуну А.Б. тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн тергөөгө камсыз кылынды жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД