ЖК унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун колдоду

Кечээ, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "КРнын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү" мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү каралууда.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД