
Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, Абазбек уулу Расул жана Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Абазбек уулу Расул Гүлнур Жайнакованын, ал эми Уланбек Мамбетакунов Айгүл Абдраеванын ордуна келген.