
Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн казак жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чара учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.
2022-жылдын 15-мартында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстандын жараны 1969-жылы туулган З.Ф., кармалган.
З.Ф. нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстандагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.
Алынган маалымат боюнча, анын Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматтар жок.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү ("КРнын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш иши козголду.
Учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.