Жаза аткаруу кызматында коррупцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды

Жаза аткаруу кызматы коррупцияга каршы атайын чечимдерди кабыл алган. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында Жазык-аткаруу тутумундагы коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны – ЖАКнын төрагасынын биринчи орун басары, полковник К.Садыковдун жетекчилиги менен болуп өттү.

2022-жылга Жазык-аткаруу тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу планын ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, план ЖАКнын үстүбүздөгү жылдын 11-мартындагы №164 буйругу менен, ал эми жогоруда аталган Комиссия жөнүндө жобонун талаптары менен ЖАКтын үстүбүздөгү жылдын 11-мартындагы буйругу менен бекитилген.

Ошондой эле коррупциянын түпкү себептерин аныктоо жана жоюу боюнча Комиссиянын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн маселелери, жазык-аткаруу тутумундагы кызыкчылыктардын кагылышынын темасы каралды.

Комиссиянын төрагасы Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кесиптик этикасынын эрежелерин сактабагандыгы жөнүндө иштерди этика боюнча комиссиянын, Офицерлердин кеңешинин жана аялдар кеңешинин жыйналыштарында кароо практикасын кеңейтүү механизмин иштеп чыгууну тапшырды. .

Атайын мекемелердин кызматкерлеринин коррупцияга каршы компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында Комиссиянын мүчөлөрүнүн ЖАК мекемелерине баруу графигин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Ал жерде жер-жерлерде коррупцияга каршы күрөшүү, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында белгиленген тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана талаптарды кызматкерлер аткарбагандыгы үчүн мыйзамда каралган юридикалык жоопкерчилик чараларын түшүндүрүү боюнча чогулуштар өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД