Каракол – Эңилчек унаа жолу түшкөн кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусунун Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-март күнү таңкы саат 05:00-06:00 чамасында Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 82-чакырымында эки тилкеден болжол менен 8000 м3 кар көчкүсү түшкөн.

"Азыркы учурда жол убактылуу жабык. №3 Жол тейлөө ишканасынан 3 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кырсыктан жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД