ЖКККББ Долон ашуусуна түшкөн кар көчкүсүнөн улам айдоочуларга эскертти

ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-март күнү саат 10.00 чамаларында Нарын облусунун Нарын районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 296-297 чакырымынын ортосунда түшкөн кар көчкүсүнүн көлөмү болжол менен 900 миңден ашуун кубту түзүүдө. Учурда кар көчкүсүн тазалоого иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун "Долон" ашуусу аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, Нарын районунун Оттук айылында, Нарын шаарынын чыга беришинде, Кочкор районун Сары Чат стационардык постунда, Жумгал развилка, Сары Булак айылында Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринен постор түзүлүп жеринде түнүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери кар көчкүсүн тазалап жолдун кыймылдуу бөлүгү бүгүн түнү ачылаарын билдиришүүдө.

ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.

Эске салсак, кечээ Долон ашуусунда 225 миң куб метр көчкү түшүп, жолду бөгөп калган.

Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазаланып жатат.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 25 куткаруучу 11 жүктөгүч, 1 кар түртүүчү техника менен барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД