Сүлүктүдө "Укук-тартип" иш-чарасынын жүрүшүндө айып пулдар салынды

Сүлүктү шаарында "Укук-тартип" иш-чарасынын негизинде айып пулдар салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери жериликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте шаар аймагында жайгашкан №8 И.Бектемиров жана №6 А.Кайымкулов атындагы орто мектептерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда президент С.Жапаровтун каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча чыгарган Жарлыгын элге жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле шаар аймагында 2022-жылдын 15-17-мартында өткөрүлүп жаткан "Укук-тартип" рейддик иш-чарасын түшүндүрүп шаар ичинде кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында эскертүүлөрдү беришти.

"Укук-тартип" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө шаар аймагында паспорттук режимдер, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери автоунаалардын документтерин, кароосуз калган имараттардын жер төлөлөрү, чатырлары текшерилип чыгып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 31 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД