Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында аба ырайы калыбына келгенге чейин Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү (катуу, көрүүнүн чектелиши) байкалууда. Ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (пробка болгон учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД