
№14 колониянын тарбиялануучулары Нооруз майрамын жылуу маанайда тосуп алышты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электер мекемесинде жаздын жана жаңылануунун келгендигин билдирген Нооруз майрамы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин тарбиялануучулары байыркы майрамдын тарыхый маанисин ачып берүүгө аракет кылышты.
Алар элибиздин үрп-адат, ырым-жырымдары тууралуу маек куруп, "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү окуп, Ноорузга карата ырларды ырдашты, кара жорго бийин аткарып, жан дүйнөсүнүн салттуу даамын татып, ата-бабаларынын уламыштарындагы башкы каарман Умай эненин насаатын угушту.
Ошондой эле викторина өткөрүлдү, анда катышуучулар 5 мүнөттүн ичинде кыргыздын улуттук оюндары жана көчмөндөрдүн оригиналдуу ашканасы, макал-лакаптар жана даанышман афоризмдер жөнүндө айтып берүүгө, табышмактарды табууга жана логикалык жактан текстти карап чыгууга убакыт табышы керек болчу.
Жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты.