Нооруз майрамы күнү Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Нооруз майрамы күнү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчөлөр 21-март таңкы саат 5:00дөн түнкү саат 1:00гө чейин жабылат. Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгүнөн (Эски аянт) автоунаалардын өтүүсүнө чектөө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД