ЖАКнын Кайтаруу департаменти Ноорузга карата сүмөлөк даярдады

ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаменти салттуу түрдө жазгы күн менен түндүн теңелүүсү жана табигый жаңылануу күнүнө карата сүмөлөк даярдашты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көчмөндөрдүн бул байыркы таттуу тамагы өсүп чыккан буудай данына, өсүмдүк майына жана ундан чоң казанга кайнатылып бышырылат.

21-марттын алдында жана түнү бою ырлар, бийлер, тамашалар, аңгемелер менен коштолот.

Майрамдык тамакты даярдоо тынымсыз аралаштырууну талап кылат. Аны бир адам жасаса болот, болгону ааруу тилек каалоосун айтып тилек кылат.

"Биз сүмөлөктү быйыл сегизинчи жылы даярдап жатабыз! Уламыштарга караганда, бардык кыялдар орундалышы үчүн үч, беш, жети жыл катары менен бышырып туруу керек, - дейт ички кызматтын подполковниги, азыр пенсионер Зуура Асанова. Сүмөлөк кайнатуу ар жылы подполковник Зуура Асанованын кылдат жетекчилиги менен баштан аягына чейин ишке ашырылып, жаш жоокерлерге да корсотулуп, тааныштырылып келет.

Биз бул сонун салтты улантабыз деп ишенебиз!", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД