
Степное айылындагы No2 түзөтүү мекемесинин аялдарын эстрада жылдыздары кубандырды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттолгондордун алдында оюн-зоок Нооруз майрамынын урматына уюштурулду.
Кайрымдуулук концерти КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин аркасында өттү. Аталган башкармалык жети артисттен турган топту чакырышкан.
Жалпысынан салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы "2021-2026-жылдарга инсанды руханий-адептик өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын бекитүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өттү.