Президент эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат

Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД