
Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 15нен 21-мартка чейин, коронавирустан 7 адам көз жумду. Алардын баары эмдөөдөн өтүшкөн эмес.
COVID-19га каршы республикалык штабдын берген маалыматына караганда, COVID-19 лабораториялык негизде 1, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (илдетке чалдыккандар менен байланышын эске алуу менен) – 6 аныкталган.
Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкекте жана Чүй облусунда катталган.
Анын ичинде:
◾Бишкек – 4
◾Чүй облусу – 3.
Өткөн аптада, 8-14-март аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 7 учур катталган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 818 адам жугузган.
Каза болгону – 2980 адам.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!