Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Сауд Арабия Королдугунун тышкы иштер министри, Улуу Даражалуу Принц Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди, деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бул эки тараптуу мамилелердин тарыхында Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД