Бишкекте бирөөнүн унаасын айдай качкан жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаа каражатын айдап качкан жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-мартында болжол менен саат 22:00 чамасында 1961-жылы туулган А.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Виноградный айылынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан мончонун алдында токтоп турган "Фольксваген Тоурег" үлгүсүндөгү авто унааны белгисиз адамдар белгисиз тарапка айдап качып кеткенин билдирген.

Бул боюнча Чүй жана Бишкек шаарынын аймагына багыттамалар берилип, ошонун негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери качып бара жаткан авто унаа шаардын аймагына киргенден кийин артынан кууп, Өскөн Ордо жаңы конушунан 1991-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери жана Чүй ОИИББнин ЖКККБгынын кызматкерлери аркылуу шектүү катары кармалып, Аламүдүн райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.

Качуу учурунда шектүү жаран коомдук коопсуздукка коркунуч келтирип, жол кыймылынын башка катышуучуларына да тоскоолдуктарды жараткан. Ошондой эле жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД