
Нарын облусунун аймагында оор жүк ташуучу унаалардын абалына техникалык кароо жүргүзүлдү. Бул боюнча Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында оор жүк ташуучу жана атайын унаа каражаттарынын катышуусундагы жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо максатында, Нарын ОИИБ боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 16-18-март күндөрү Нарын облусунун аймагындагы Жол тейлөө ишканаларынын унаа каражаттарынын абалына техникалык кароо жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерге тиешелүү укук бузуу протоколдору толтурулуп жана жетекчилерине кемчиликтерди жоюу боюнча буюртма, сунуштар берилди.