
Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы апасына жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери "Ынтымак" эс алуучу жайында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн майрамдык иш-чара учурда кызмат өтөп жатып, адашып жүргөн 8 жаштагы жаш баланы көрүшкөн.
Ошол замат ал үшүп калган балага кайгуул кызматкери формасын чечип кийгизип, ата-энесин издеп жөнөгөн. Көп өтпөй апасын таап сак-саламат жеткирип беришкен.
Жаш баланын апасы өзү да адашып жүргөн баласын издеп жүргөндүгүн айтып, кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.