ТИМ: Кытайда кырсыкка кабылган учакта кыргыз жарандары жок

21-мартта Кытайда кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, жүргүнчү ташуучу учактын бортунда КР жарандары болгон эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн Кытайдын Борбордук телеберүүсү China Eastern Airlines компаниясына таандык Boeing-737 жүргүнчү учагы кырсыкка кабылганын билдирген. Авиакырсык Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси провинциясынын Учжоу шаардык округундагы Тэньсянь уездине жакын тоодо катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД