
Талас облусунун Кара-Буура РИИБине автоунаа берилди. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө ЖЧК "Вертекс Голд" компаниясы кызматтык авто унаа берген.
Кара-Буура районунун жалпы аянты 4213 чарчы чакырым. Талас облусунун батыш тарабында жайгашкан административдик маанидеги район, Түндүк-батыш жагынан Казакстан Республикасы, түштүк-чыгыш жагынан Бакай-Ата району жана түндүк жагынан Манас району менен чектешет. 10 айыл өкмөт, 24 айылдан турат. Кара-Буура РИИБи жалпы 72 миң 895 калкты тейлейт. 2021-жылдын 12 айында Кара-Буура РИИБнин КЖБРге жалпы 541 кылмыш иши катталган. Ар бир жарандардан болгон арыз ,кайрылуу, билдирүүлөргө ыкчам түрдө чаралар көрүлүп, милициянын көчмө кабылдамасын колдонуу менен жарандарга сервистик тейлөө кызматын көрсөтүп келет.
Кылмыштын бетин ачуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ЖЧК "Вертекс Голд" компаниясы Кара-Буура РИИБне колдоо катары 22-март күнү "Хонда Степвагон" үлгүсүндөгү кызматтык авто унааны берип кетишкен. РИИБнин начальниги милициянын полковниги Калманбетов Майрамбек унааны жооптуу кызматкерге бекитип, ага жоопкерчиликтүү жана аяр мамиле жасоону буйруду. Унаа менен кылмыш-кырсык болгон жерге жана чакырууларга ыкчам түрдө барууга тапшырмаларды берди.