
Өздөрүн жабырлануучу катары тааныштырган Алексей Булаев жана Сергей Остапенко аттуу орусиялык ишкерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Айтымдарында, алар 2019-жылы Бишкекте таштанды ташып чыгаруучу компания ачышып, жыйынтыгында алданып калышкан.
Алар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, бул ишке көзөмөл жүргүзүп, адилеттүү чечим чыгарууну өтүнүшүүдө.
