
Лейлекте мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек РИИБнин кызматкерлери тарабынан "Арсенал", "Издөө" иш-чараларынын жүрүшүндө, ыкчам маалыматтар алынып, анын негизинде ыкчам иш аракеттер жүрүп, Лейлек айылынын 47 жаштагы тургуну И.Юнун үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн сайлуу ок атуучу курал жана анын 8 даана ок дарыларын аныкталып алынган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө И.Юнун үйүнөн алынган "СКС" үлгүсүндөгү сайлуу куралдын эч кандай документтери аныкталган жок. Бул факты Лейлек РИИБне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштайт.
Ушул эле кылмыш ишинин алкагында ыкчам кызматкерлер ыкчам маалыматтардын негизинде Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын 26 жаштагы А.у Мнын жашаган турак үйүнөн 16 калибрдеги стволдуу сайсыз ок атуучу куралы жана 2 даана ок дарылары менен эч кандай документи жок, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен аныкталып алынды.
Бул алынган ок атуучу куралдарга тиешелүү экспетизалар дайындалып, жыйынтыгы чыгарылды.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.