Өзгөндө үч кытай жараны шахтада каза тапты

Оштун Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 20-мартта "АБКЕ" ЖЧКсынын шахтасында Кытайдын үч жараны каза тапты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта аталган ишкананын директору А.Тургунбаевден 20-мартта шахтада кырсык орун алганы тууралуу маалымат келген. Анда үч Кытайдын жараны каза тапканы айтылган.

Учурда кырсыкты иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД