Жогорку сот Муртазалиев боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бүгүн, 22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова билдиргенин "Азаттык" жазып чыкты.

Бишкектин административдик соту 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.

БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттаган жана административдик, кийин Жогорку сотко арызданган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Жыйынтык Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарыла турганын БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД