Баткенде курсанттарга "Адам өмүрү кымбат" темасында маек уюштурулду

Баткен шаарында курсанттарга "Адам өмүрү кымбат" темасында маек уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун улук инспектору Айбек Худаяров Баткен шаарында жайгашкан "Жол эрежелери" жоопкерчилиги чектелген автомектепке барып айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жаткан курсанттар менен "Адам өмүрү кымбат" темасында маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө курсанттарга жол кыймылынын эрежелери, айдоочунун жоопкерчилиги жөнүндө маалыматтар айтылып, берилген суроолорго жооптор берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД