Жайыл районунда 13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Жайыл районунда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.Ж. аттуу өспүрүм аман-эсен табылып, профилактикалык иштерден кийин туугандарына өткөрүп берилди.

Эскерте кетсек, 9-мартта өспүрүм үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирип, арыз менен анын эжеси кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД