
Баңги заттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн КР ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М., кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү ("Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А., жана К.К.М., карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргызстандын жараны О.А.Ы., кармалды.
Ошондой эле алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М., кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңги заты табылып алынган. Бул жагдай анын баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.
Азыркы учурда О.А.Ы., жана Р.Ю.М., Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.