Орусиядан 50 миңден ашуун IT-адиси чыгып кеткен

Жакынкы айларда Орусиядан 70-100 миң IT-адис чыгып кетиши ыктымал деген божомолун 22-мартта Baza басылмасы Орусиянын Электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого таянып жазып чыкты.

Макалада айтылгандай, буга чейин чыгып кеткендердин саны 50-70 миңдин тегерегинде.

"Өлкөдөн кеткен IT-адистердин саны мындан да көп болмок. Буга авиабилеттердин кымбаттыгы, турак-жай бааларынын кескин жогорулашы жана транзакцияларды жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги себеп болду", - деди Плуготаренко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД