
COVID-19га каршы республикалык штаб кургак учук менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болобу деген суроого жооп даярдаган.
Пандемия жана ага байланыштуу чаралар кургак учукка чалдыккандардын көрсөткүчү жогору өлкөлөрдө бул дартты аныктоо жана дарылоо кызматтарынын ишин олуттуу түрдө бузуп, бул КУнун катталган учурларынын санынын кооптондурган азаюусуна алып келди.
Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5600 ашуун учурлары катталат.
Биздин мамлекет дүйнөдөгү кургак учуктун дарыга туруктуу түрлөрүнүн деңгээли эң жогору болгон отуз өлкөгө кирет.
Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору.
Акыркы маалыматтар коронавирус жана кургак учук менен ооруган адамдардын өлүмгө учуроо мүмкүндүгү кургак учукка гана кабылгандарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө.
COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет.
Эмдөө алууга болбойт:
✔️ курч респиратордук ооруларга кабылганда;
✔️ вакцинанын компоненттерине аллергия болсо;
✔️ өнөкөт оорулар күчөп жатканда;
✔️ сезгенүү процесстери жана интоксикация белгилери айкын кургак учуктун активдүү фазасында.
Эгерде сизде жогоруда аталган каршы көрсөтмөлөр болсо, анда дарыланып, андан соң эмдөөдөн өтүү сунушталат.