Көчмө мульти-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү

Кечээ, 2022-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин районуна барып, өткөн жылдын ноябрь айынан бери Чүй облусунун Кемин жана ага жакын райондордун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрүп келген мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин ишинин жыйынтыгы менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мульти-диагностикалык көчмө комплекс Чүй облусунда ишин аяктап, бүгүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Жакынкы арада Ысык-Көл облусунун Түп районунда көчмө мульти-диагностикалык комплекс өз ишин баштайт.

Комплекстин ишине жооптуу адистердин айтымында, 20 миңден ашуун жаран ар кандай профилдеги медициналык адистерден кеңеш ала алышкан.

Мындан сырткары 1599 адам гинекологго, 2136 адам окулистке, 1393 адам отоларингологго, 1990 адам невропатологго, 1859 адам кардиологго, 1998 адам УЗИден, 623 адам стоматологго, 2000 адам урологго, 344 адам гастроэнтерологго, 1526 бейтапхирургга кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алган. 2080 тургунга лабораториялык кызматтар көрсөтүлдү.

435 аял маммография, 909 адам компьютердик томография, 226 адам гастроскопия, 29 адам цитоскопия жана 753 адам рентген изилдөөлөрүн жасаткан.

Мобилдик операциялык бөлмөдө 148 кичи операция жасалды, анын ичинен 123 офтальмологиялык жана 25 ар кандай профилдеги операциялар.

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, министрлик тарабынан оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. Мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши ведомствонун өлкө жарандарынын саламаттыгын сактоо жана оорулардын алдын алуу алкагындагы ишинин оң натыйжаларынын бири экенин баса белгиледи.

Кемин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Айгүл Курманалиева комплекстин жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, райондун акиминин атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД