Баткенде аалымдар катышкан "Адамзат сени даңазаласын" деген иш-чара өттү

Баткен шаарынын Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында "Адамзат сени даңазаласын" деген аталыштагы Пайгамбарыбызды (САВ) таанытуу жана даңазалоо максатында ыйман кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саамалыкка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Баткендеги өкүлү Чагылган Юсупов, президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башкы адиси Асылкан Саттарова катышты.

Облус казысы мындай саамалыктардын өтүүсү жарандардын диний жааттагы маалыматын кеңейтип, туура түшүнүк алууга жана үй-бүлөдөгү ынтымактын чын болуусуна өбөлгө болоорун баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД