Бишкек мэриясы унааларды дарактардын түбүнө калтырбоону эскертти

Борбор калаада нымдуу кар бак-дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизүүдө.

Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор болсо, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номуру боюнча жөнөтүңүздөр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД