Бишкекте №47 колонияны демонтаждоо иштери тездетилүүдө

Бишкекте №47 колонияны демонтаждоо иштери тездетилип жатат. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматында жумушчу жыйын болуп, анда Кыргызстандын Жаза аткаруу тутумунун көптөн бери эскирген мекемесин жоюу маселеси каралды.

Эске салсак, 47-колония учурда өтө коркунучтуу кылмышкерлер кармалып турган шаар ичиндеги жападан жалгыз жабык типтеги колония.

Бирок, эгерде мурда ал шаар четиндеги объект катары эсептелсе, азыр Бишкектин барган сайын кеңейип жаткан инфраструктурасын эске алганда, ал эмитен эле турак-жай имараттарынын жыш шакекчесинде калды!

Кошумчалай кетсек, ал жерде жайгашкан имараттар өз мөөнөтүн эбак эле өтөп, заманбап коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Мунун баары, эксперттер туура белгилегендей, оперативдүү кырдаалга белгилүү бир коркунуч туудурат...

Ошондуктан, өкмөттүн чечимдерине жана ЖАКнын ведомстволук буйруктарына ылайык, 47-колонияны толугу менен демонтаждоо, андан кийин медициналык, турак-жай жана башка имараттарды көчүрүү жана аймакка жаңы имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынды.

ЖАКнын борбордук аппаратынын имаратында өткөн жумушчу жыйын 47-колонияны жоюу процессин жана анын азыркы тургундарын калган мөөнөтүн башка мекемелерге бөлүштүрүү маселесин талкуулоого арналды.

Тактап айтканда, ЖАКнын жетекчилиги белгилегендей, жакын арада бардык соттолгондор жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка атайын мекемелерге которулат. Иш-чара коопсуздуктун максималдуу чараларын жана колдонулуучу талаптарды сактоо менен өтүшү керек.

Долбоордук-сметалык документация боюнча башталган кайра куруу жумуштары да өзгөчө кеңүл бурууну талап кылат. Медициналык жабдууларды инвентаризациясы менен кабыл алуу жана оңдоп-түзөөдөн өткөн оорукананын курулушу, ЖАКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн демонтаждоочу жабдууларды тартуу жана имараттарды демонтаждоону атайын комиссиянын көзөмөлүнө алуу, материалдарды, анын ичинде металл, жумуштарды жургүзү процесинде бюджетти үнөмдө, колдо болгон инвентарларды жана ылайыктуу имаратты катуу эсепке алуу маселелери каралды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД