
"Стелс-Омикрон" жаңы штаммы көрүнбөйт жана кооптуу. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, BA.2 "стелс-Омикрон" жаңы штаммы (көрүнбөс-штамм, аны "омикрондун уулу" деп дагы аташат) көптөгөн өлкөлөрдө өтө тездик менен басымдуулук кылып, ооруга чалдыгуу ыкчам өстү.
Январдын аягында "стелс-омикрон" Дания, Индия жана Улуу Британияда жайылып, айрым учурлары башка Европа өлкөлөрүндө белгиленген. Бүгүнкү күндө ооругандардын саны Германия жана Кытайда өсүп жатат.
Көпчүлүк учурларда BA.2 "омикрон" - "стелс-Омикрон". "Стелс-Омикрон" (көрүнбөгөн) деп аталган себеби бир катар ПЧР-тесттер аны аныктабай жана "Дельтадан" айырмалай албай жатышат.
Улуу Британияда даярдалган акыркы отчет "стелс-Омикрон" ВА2 жаңы штаммынын илдетти жугузуу жаңы учурларынын өсүш ылдамдыгы баштапкы "Омикронго" караганда жумасына 80%га жогору экенин көрсөттү. Анын 60 мутациясы бар – 32си ВА.1ден (жөнөкөй "омикрон") жана 28и жаңы мутация.
BA.2 линиясы кайрадан жуктурууларга көп алып келүүдө, ал эми оору өзгөчө билинген белгилери менен өтүп жатканын жугуштуу оорулар боюнча адистер айтышууда.
"Омикрон" жана айрыкча "стелс-Омикрон" ушунчалык жугуштуу, жада калса бир бөлмөнүн ичинде туруп айланадагы адамдарга жугузуу мүмкүн, - деп белгиледи Казань (Приволжский) федералдык университетинин Так жана регенеративдик медицина илимий-клиникалык борборунун директору Альберт Ризванов.