
BA.2 "стелс-омикрондун" белгилери кандай? Бул суроого COVID-19га каршы Республикалык штаб жооп даярдаган.
Жыт билүүнүн жоголуусу, тамак оору, үндүн каргылдануусу жана ашказан-ичеги-карын оорулары менен коштолгон баш оору, белгилери көбүнчө ууланууга окшош.
Вирус буга чейинки штаммдарга караганда кыйла активдүү, ашказанда көбөйөт.
"Стелс-омикронго" кимдер көбүрөөк кабылат?
"Дельта" штаммы боюнча тобокел топко киргендер бардык адамдар.
"Стелс-омикрон" айрыкча эмделбегендерди жабыркатат, - дейт Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам керектөөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын Эпидемиология БИИБ директорунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча орун басары Наталья Пшеничная.
Жөнөкөй "омикрон" менен ооруп айыккандар анын жаңы вариантын жуктуруудан корголгон эмес.
Вакцина ооруканага жатып калуунун эң оор кесепеттеринен жана өлүмдөн сактайт.