
Жүрүп бара жаткан автоунаадан атайын түшө калып жөө баскан "Кыргыз почтасынын" айдоочусуна кайгуул кызматкерлери тарабынан авто ээнбаштык жасагандыгы үчүн 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, жогорудагы "Кыргыз почтасынын" айдоочусу бул кылыгын видеого тартып, "Тик-Ток" социалдык тармагына жүктөгөн болчу.