
Рахматулла Эгембердиев "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору болуп шайланды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун байкоочу кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, Самаган Мырзаибраимов фонддун төрагалык кызматынан бошотулуп, анын ордуна Эгембердиев Рахматулла Сайдиманович дайындалды.
"Ыйман" фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.
Белгилей кетсек, Рахматулла Эгембердиев 2012-жылдын декабрынан 2013-жылдын январына чейин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, интернетке тараган чуулгандуу тасмадан кийин кызматтан кеткен. Ага карата кийин "салык төлөөдөн качкан" деген берене боюнча кылмыш иш козголгон.