Шаршенова санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды

Индира Шаршенова КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрдин жаңы орун басары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жалпы жамаатына тааныштырылды.

Шаршенова буга чейин аталган министрликтин электрондук өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД