"Балыкчы - Кочкор" темир жолун курууга даярдык башталды

"Балыкчы - Кочкор" темир жолун курууга даярдык башталды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда төмөнкү иштер аткарылып жатат:

жерди казуу жана алып салуу;

шагыл менен кайра толтуруу;

дренаждык жумуштар;

темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагыл жайгаштыруу;

жебе котормосун жайгаштыруу.

Жакынкы арада "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушунун расмий ачылышы өтөрү болжолдонуп жатат.

"Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече" темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзүп, алгачкы этапта 63 чакырымына, тагыраагы, "Балыкчы - Кочкор" тилкесине темир жол төшөлөт.

Бул жол бүтсө, Бишкек шаарына Кара-Кеченин көмүрүн арзан баада жеткирүүгө шарт түзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД