
Кыргызстандын Социалдык фонду курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн кайсы документтер зарыл экендигин айтып берди.
Документтердин тизмеги:
1) - паспорт.
- качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга - качкын күбөлүгү;
- жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)
2) эмгек китепчеси.
3) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат.
Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.
Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.