Таласта милиция аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Талас шаарында милиция аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ​ Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

​ Маалыматка караганда,​ 23-март күнү Талас облустук Капар Медетбеков атындагы ​ драма театрында Орто Азия боюнча белгилүү ​ дин аалымы Доолов Садыбакас жергиликтүү ​ аялдар менен жолугушуу өткөрдү. Анда "дил баян" конкурсунун жеңүүчүлөрүнө ​ ​ белектерди тапшыруу аземи болду. ​ ​ ​

Талас ШИИБнин кызматкерлери чогулган эл арасында кайрылуу жасоо үчүн​ атайын ​ убакыт алышты. Талас ШИИБнин кадрлар менен иштөөчү улук инспектору милициянын подполковниги Турусбекова Бактыгул Кыргыз Республикасынын президентинин 54 Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасын жеткирди.

​ Кыргыз Республикасынын президентинин "Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында жолугушууга келген аялдарга ​ ​ түшүндүрүү иштерин жүргүздү.​ Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ ысырапкерчиликке жол бербөөдө колдоого жана аны жайылтууга ​ жардам берүүнү өтүндү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД