Ошто тик учак авариялык абалда конуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 тик учагы Ош облусунун Ноокат районунда авариялык абалда конууга мажбур болгон. Тик учакта 10 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча 3 адам жеңил жаракаттарды алган. Аларга учурда медициналык жардам берилүүдө.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги тик учак кырсыктаган жерге 3 тез жардам тобу жөнөтүлгөнүн кабарлады.