
Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 1973-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусу аныкталгандыктан, 2021-жылдын ноябрь айындагы төмөн температураны жана күзгү-кышкы жылытуу сезонун эске алуу менен убактылуу газдын сызылып чыгуусу токтотулган. Аба ырайынын жылышы менен 28-марттан 1-апрелге чейин Мурманск - Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жайгашкан газ өткөргүчтөгү газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштери жүргүзүлөт.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн аймагында газ өчүрүлөт: Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе; Баетов көч., 1 дарегиндеги "Продимпекс" ЖЧКсы.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.