
Кыргызстандын түштүгүндөгү атайын мекемелерди текшерүү аяктады. Бул тууралуу ЖАКнын басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиевдин иш сапарынын алкагында түштүк аймагындагы Жаза аткаруу тутумунун үч негизги объектисинин ишмердүүлүгү бир убакта иликтенди.
Тактап айтканда, Ош шаарындагы №5-терөө изолятору текшерилди. Жалал-Абад шаарындагы №10- колонияда ЖАКнын төрагасы аталган мекеменин өздүк курамы жана ардагер кызматкерлери менен жолугушуп, кызматта өзгөчөлөнгөн кесиптештерин белгилеп, №10-мекеменин окуу жайындагы ардагерлердин иш бөлмөсүн эмерек менен камсыздоону тапшырды.
Ошондой эле, генерал А.Эгембердиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43- жатак абагынын административдик имараттын салтанаттуу ачылышына катышты. Эскилиги жеткен жайлардын заманбап эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган жаңы имарат пайда болуп, ага 10 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.
"Биздин кызматкерлердин жумуш күнүнүн көбү ушул жерде өтөт, андыктан аларга коопсуз жана ыңгайлуу иштөө шарттарын камсыз кылуу зарыл. Мындай шарттарды түзгөндө кызматкерлердин активдүүлүгү, ишинин сапаты жана натыйжалуулугу жогорулайт", - дейт төрага.
Ошондой эле, №43- мекемеде соттолгондорду туруктуу жумуш менен камсыз кылуу үчүн атайын унаа жуучу жайлар орнотулуп, алардын пайдалуу жна туруктуу иш менен камсыз кылып кылмыштуулуктун кайталанбашы үчүн эмгек менен алектенүүсүнө шарттар түзүлдү,